Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу Исакеев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайга барып, кырдаалды жеринде жөнгө салды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, анда уруксат берилбеген жерлерде токтоп калган, дарыгерлердин, бейтаптардын жана студенттердин унаалары үчүн протоколдор түзүлдү, көптөн бери турган унаалар айып короого жеткирилди.
Буга чейин аталган жай коноктор үчүн унаа токтотмо катары колдонулуп келген. Эми ал муниципалдык унаа токтотмо катары уюштурулуп, 100 унаага ылайыкталган орун менен күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин акы төлөнүүчү унаа токтотмо катары иштейт.
Жергиликтүү мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн "ШЖТИ" МИнин кызматкерлери нөөмөт кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ошондой эле мамлекеттик каттоо номери жок унааларды токтотууга жол берилбейт, талапты бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөт.