Ханзаада Уильям жана Кэтрин Улуу Британиянын башкы кинокечеси — BAFTA сыйлыгын тапшыруу аземине катышты.
Маалыматка ылайык, иш-чара Лондондогу королдук фестиваль өтүүчү имаратта өткөн.
Бул Кейт менен Уильямдын акыркы үч жыл ичиндеги аталган иш-чарадагы алгачкы биргелешкен эл алдына чыгуусу болду. Уильям BAFTA уюмунун президенти катары аземге салттуу түрдө катышып келет.
Кейт бул ирет Gucci брендине таандык кайра иштетилген көйнөк тандап, аны кочкул кызыл түстөгү бел кур менен толуктады. Ал бул көйнөктү 2019-жылы мектептердеги психикалык ден соолукту колдоого арналган кайрымдуулук кечеде да кийген.