Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы жетекчини тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Дамирбек Осмоновду тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Министрлер кабинетинин башчысы министрликтин алдында саламаттыкты сактоо системасын мындан ары өркүндөтүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, заманбап башкаруу жана санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

Ал ошондой эле тармакта башталган реформаларды ырааттуу улантуунун өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан