Биз социалдык тармакта

Министрлик гепатитке каршы эмдөө боюнча маалымат берди

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 2002-жылдан тартып В гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлүп келерин билдирди.
Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмдөө толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Ал эми 1 жашка чейинки балдарды эмдөө Gavi - Глобалдык вакцина жана иммундаштыруу альянсы менен биргеликте жүргүзүлөт.
Мекеме 2000-2020-жылдар аралыгында балдар арасында В гепатитинин оорусу болжол менен 145 эсеге кыскарганын белгиледи.
2022-жылдан тартып чоңдорду эмдөө башталган. Пилоттук долбоордун алкагында Роспотребнадзордун колдоосу менен 350 000 доза вакцина жана 140 000 экспресс-тест алынган. Программа алгач Чүй облусу жана Бишкек шаарында башталып, кийин башка аймактарга кеңейтилген.
2026-жылдын 1-февралына карата:
  • 1 доза алган - 323 638 адам;
  • 2 доза алган - 271 182 адам (83,8 пайыз);
  • 3 доза алган - 195 092 адам (73,6 пайыз) эмдөөдөн өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан