Биз социалдык тармакта

Шавкат Мирзиёев Петербургда баланы сактап калган өзбекстандыкты "Жасорат" медалы менен сыйлады

Санкт-Петербургда алты жаштагы баланын өмүрүн сактап калган өзбекстандык Хайрулло Ибадуллаев "Жасорат" медалы менен сыйланды. Сыйлыкты Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тапшырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

"Хайрулло баланы сактап калууда өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуулук келтирген, мунун аркасында ал өзбек элине мүнөздүү эрдикти жана баатырдыкты көрсөттү",- деп айтылат билдирүүдө.

22-февралда көп кабаттуу үйдүн жетинчи кабатынан бала кулап түшкөндө аны Хайрулло Ибадуллаев кармап калган. "Тез жардам" кызматы келгенге чейин балага медициналык жардам да көрсөткөн.

Хайрулло Ибадуллаев төрт ай мурун Санкт-Петербургга иштегени барган. Төрт баласы бар.

Маалымат үчүн: "Жасорат" медалы - өмүрүн тобокелге салып, башкаларды сактап калгандарга берилчү мамлекеттик сыйлык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан