Биз социалдык тармакта

АКШда белгисиз адам жарандарга бычак менен кол салып, беш киши каза болду 

АКШнын Вашингтон штатында белгисиз адам бычак менен жарандарга кол салып, беш киши каза болду. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жергиликтүү полицияга таянуу менен жазды.

Андагы маалымат боюнча, окуя кечээ, 24-февралда эртең менен болгон. Анда жарандарга кол салган шектүү аталган аймактагы турак үйгө кирип барып, адамдарга бычак менен кол салган.

Бир нече күбөлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30да полицияга турак жайдын подъездине кирген белгисиз жаран адамдарды бычактап жатканы тууралуу маалымат беришкен.

Ал эми кол салган адам ошол жерден атып өлтүрүлгөн. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан