Бүгүн, 25-февралда Казакстандын Караганда облусунун аймагында Су-30СМ үлгүсүндөгү аскердик учак кыйрады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, кырсык пландуу окуу-машыгуу учуулары учурунда катталып, экипаж өз учурунда учактан чыгып кетүүгө жетишкен. Алардын өмүрүнө коркунуч жок.
"Окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн Учуу коопсуздугу департаментинин башчысы жетектеген атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына авиация кызматынын профилдик адистери киргизилди. Тергөө жыйынтыгында укуктук баа берилип, процессуалдык чечим кабыл алынат",- деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон аймак курчоого алынды. Жергиликтүү тургундарга жана инфраструктурага коркунуч жок.