Пакистан. Авиачабуулда 33 өзбек, 3 немис набыт болду

Пакистандын аскер-аба күчтөрүнүн “Талибан” баскынчылар кыймылынын мүчөлөрү жашаган жерине жасаган авиачабуулунан Германиянын 3 жараны каза тапты. Бул тууралуу 23-январда чет элдик басылмалар аталган өлкөнүн укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 40 адам өлгөн, алардын 33ү Өзбекстандын жарандары болгон. Абадан жасалган чабуул өзбекстандык террордук кыймылына карата багытталган.

Азырынча Германия Федеративдүү Республикасы менен Өзбекстандын бийлиги бул боюнча билдирүү жасаша элек.

Расмий маалыматтарга караганда, пакистандык аскер-аба күчтөрүнүн бир нече күндөн бери жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында террордук чабуулдардын уюштуруучусу, “Талибандын” лидерлеринин бири Вали Мухаммад өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aviator
2014-01-23 14:20:11
С лар жон журбойт экен да.
0
kanybek_kg
2014-01-23 15:50:08
озбек коп не жалко
+2
baxa-kaman
2014-01-30 15:11:40
Озбек деген улут жок, жакында эле озбекбиз деп оздорун атап калышты го, мурда .... эле дешчу экен
0
baxa-kaman
2014-01-30 19:11:46
Рахмат сизге модератор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан