Өзбекстандык кичинекей кыз жүктөгөн видео кыска убакыттын ичинде социалдык тармактарда кеңири тарап, миллиондогон колдонуучулардын көңүлүн бурду.
Видеодо ал популярдуу ырдын коштоосунда унаа айдап бара жаткан байкесин тамаша иретинде чочуткан. Байкесинин реакциясы жана кыздын шайыр мүнөзү көрүүчүлөргө жагып, ролик бат эле жайылып кетти. Учурда видео 46 миллиондон ашык көрүүгө жеткен.
Бул окуядан кийин кыздын Инстаграм баракчасына 130 миңге жакын адам катталып, ал блогун активдүү жүргүзө баштады. Жаш блогер жаңы видеолорду жарыялап, аудиториясын көбөйтүүнү улантууда.