
Бүгүн, 26-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 72 жашка толду. SUPER.KG порталы “Президенттер” рубрикасынын алкагында дүйнөнүн белгилүү саясатчыларынын катарына кирген Эрдогандын өмүрү жана саясий жолун эске салууну эп көрдүк.

Бала чагы жана билим алуусу
Режеп Тайып Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Стамбул шаарында туулган. 13 жашка чейин ал Түркиянын түндүк-чыгышындагы Ризе шаарында өскөн. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле динге жакын болуп, диний билим алган.
Андан кийин Стамбул шаарындагы лицейде билим алууну улантып, Мармара университетинин Экономика жана соода илимдер факультетин 1982-жылы аяктаган. Эрдоган аскердик кызматтан кийин жеке сектордо менеджер болуп иштеген.

Режеп Тайып Эрдогандын жаштыктагы футбол сүйүүсү
Жаш кезинде Режеп Тайып Эрдоган футболго чоң кызыгуусу менен айырмаланган. Стамбулда өскөн учурда ал мектеп жана райондук деңгээлде футбол ойноп, спорт менен активдүү алектенген. Айрыкча Түркиянын атактуу клубдары – Фенербахче жана Галатасарай оюндарын жактырган. Спортко болгон кызыгуусу кийинчерээк саясатта да көрүнүп, Стамбулдун мэри болуп турган учурда футбол аянтчаларын курууга, жаштар үчүн спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү футбол клубдарын колдоого чоң салым кошкон.

Саясий жолдун башталышы
Бул мезгилде ал аялдар жана жаштардын саясатка катышуусун көбөйтүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзгөн. 1989-жылы жергиликтүү шайлоодо чоң ийгиликке жетишип, партияга үлгү көрсөтө алган.

Стамбулдун мэри жана кыйынчылыктар
1994-жылдын мартында Эрдоган Стамбулдун мэрлиги үчүн талапкер болуп, жеңишке жеткен. Ал мэрликке келгенде шаарды таза суу менен камсыз кылуу, таштандыларды чыгаруу жана кайра иштетүү сыяктуу көйгөйлөрдү чечкен.
Ошондой эле ислам баалуулуктарын жайылтуу максатында айрым чектөөлөрдү киргизген. Бирок 1998-жылы диний иш-чараларга байланыштуу күнөөлөнүп, мэрлик кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Төрт ай түрмөдө отургандан кийин 1999-жылы мартта мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Адилеттик жана өнүгүү партиясы жана премьер-министрлик
2001-жылы Эрдоган өз партиясын түзүп, “Адилеттик жана өнүгүү” партиясын (АКП) жетектеген. 2002-жылы парламенттик шайлоодо 34,3 пайыз добуш алган, бирок башында депутат боло албай калган. 2003-жылы мыйзам өзгөрүп, депутат болуп, ошол эле жылы 14-мартта премьер-министр болуп дайындалган.
Премьер-министрлик убакытта Эрдоган түрк коомун исламдаштыруу саясатын жүргүзгөн:
Ал премьер-министрлик кызматта 2014-жылдын 28-августуна чейин турган.

Президенттик карьерасы
Эрдоган азыркы учурда Түркиянын саясий лидерлигин бекемдеп, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында негизги ролду ойнойт.

Эл аралык сыйлыктар жана баа берүү
Эрдоган бир катар чет элдик сыйлыктарга ээ:
Бул сыйлыктар анын дүйнөлүк деңгээлдеги саясий аброюна далил.

Жеке жашоосу
Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган. Алар 1978-жылы баш кошушкан.
Эмине Эрдоган өлкөдөгү кайрымдуулук жана социалдык долбоорлор менен алектенет.

Режеп Тайып Эрдогандын саясий жолу - Түркиянын акыркы он жылдыктагы коомдук, экономикалык жана диний өзгөрүүлөрүнүн көрүнүшү болуп саналат. Ал азыркы учурда да өлкөнүн саясий картасынын борборунда турат жана дүйнөлүк саясатчылар арасында таанымал лидер катары белгиленет.
