Бириккен Араб Эмираттарындагы Шарджа шаарында Орозо айынын алгачкы күндөрүндө өзгөчө мечит ачылды. Бул тууралуу казакстандык архитектор маалымдап, видеолорду жарыялаган.
Аталган мечит өзгөчө архитектурада, айнектен салынган. Мындан улам мечиттин ичинде намаз окуп жатаканда сырттагы кубулуштарды көрүүгө болот. Курулуш заманбап дизайн менен салттуу руханий символдордун айкалышы болгондуктан, туристердин көңүлүн бурууда.
Мындай өзгөчө мечиттин курулушуна кеткен бардык чыгымдар белгисиз аты аталбаган жаран тарабынан каржыланган.