Биз социалдык тармакта

Транспорт министри Талас облусуна иш сапары менен барды

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу 26-февралда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды. Тактап айтканда, "Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо" долбоорунун аткарылышы текшерилип, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди. Өтмөк ашуусун тейлеген №36 Жол тейлөө ишканасына жүргүнчүлөр үчүн үзгүлтүксүз каттам уюштуруу тапшырмаларын берди.
Ошондой эле Солтобаев жооптуу кызматкерлерге берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууну, жолдун сапатына жана коопсуздук талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан