Эртең, 27-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу синоптиктер кабарлашат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3... +2, күндүз +1... +6;
- Талас жергесинде түнкүсүн -4... +1, күндүз +1... +6;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +8, күндүз +8... +13;
- Нарын аймагында түнкүсүн -6... -11, күндүз -6.. -11;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0... -5, күндүз +2... +7;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -1... +1, күндүз +8... +10 градус.