Бишкек мэриясынын Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн жумушчу комиссия калаа аймагында жайгашкан бир катар көрүстөндөрдү карап чыгышты.
Комиссиянын мүчөсү болгон шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков көрүстөндөрдүн биринин аймагынан тренд тартып, видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда ал Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачевага кайрылып, "эртеби, кечпи, баары бир сен меники болосуң" дейт. Мозгачева "сен кимсиң?" деп сураганда, ал "көрүстөн жайынын башкаруучусумун" деп жооп берет.
Буга чейин депутат тирүү туруп, өзүнө эстелик тургузуп алган аял тууралуу видео жарыялаган.