Ош шаарында бүгүн, 26-февралда Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулунун атасы Сейитбек Токтосунов 67 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Манас-Ата аймактык башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, азырынча өлүмдүн себептери тууралуу маалымат бериле элек. Коштошуу зыйнаты жана жаназа Ош шаарында өтөрү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу 2024-жылы Жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байге жеңип алган. Ошондой эле ал 2023-жылы өткөн дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган.
SUPER.KG жамааты маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.