Кечээ, 25-февралда Ош шаарында килем саткан дүкөндүн ачылышы ызы-чуу менен коштолду. Ачылышка байланыштуу уюштуруучулар кардарларга акысыз килемчелерди таратышкан. Бул кадам соода залынын ичинде чоң тыгынга жана башаламандыкка алып келди.
Интернетке тараган кадрларда адамдар бири-бирин сүрүп, товарды биринчи болуп алууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Социалдык тармак колдонуучулары мындай көрүнүш коомдук маданиятка көлөкө түшүрөрүн айтып, акцияны уюштурууда коопсуздук жана тартип маселеси жетиштүү деңгээлде каралбаганын белгилешкен.
Айрым жарандар массалык иш-чараларда алдын ала тартипти камсыз кылуу маанилүү экенин, болбосо мындай жагдайлар кайталанышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.