Биз социалдык тармакта

Эне жана баланы коргоо борборунда бөйрөк трансплантациясы жасалды

Бүгүн, 26-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, операция 1981-жылы туулган бейтапка жасалып, анын 1978-жылы туулган бир тууган агасы донор болгон. Бейтап 2018-жылдан бери өнөкөт программалык гемодиализде болуп келген. Учурда эки бейтаптын абалы туруктуу жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.

"Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк трансплантациялоо иштери 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Жалпы 2018-жылдан бери 81 операция аткарылган, анын ичинен 38и мамлекеттик бюджеттин эсебинен жасалган", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан