АКШ президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп 2-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынына төрагалык кылат. Бул тууралуу 26-февралда Fox News телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мелания Трамп тарыхта биринчи жолу айым катары Коопсуздук кеңешинин жыйынын жетектейт. Анын баяндамасы билим берүү, технология, тынчтык жана коопсуздук маселелерин камтый турганы айтылат.
Март айында Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу укугу АКШга өтөт, ал эми апрель айында бул милдет Францияга берилет.