Казакстандын Щучинск шаарындагы кафеде жарылуу болуп, 7 адам каза тапты. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазышты.
Андагы маалыматка караганда, кырсыктан дагы 19 адам жабыркап, алардын көбү ооруканага жаткырылган.
Ал эми жергиликтүү бийлик берген маалымат боюнча, беш кабаттуу үйдүн жанындагы кафеде газ баллон жарылып, андан кийин өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан имараттан 8 газ баллонду алып чыгышкан.
Учурда өрт болгон аймакта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар кызматы жана медициналык кызматкерлер иштеп жатышат. Өрттүн келип чыгуу себеби азыркы тапта такталууда.