Биз социалдык тармакта

"Сосновкада" жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө коюлду

Бүгүн, 27-февралда Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында карды атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлөт. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Буга байланыштуу саат 09:00дөн тартып "Сосновка" постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар, жол ачык.
Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан