
"Кыргызстан аэропорттору" ААКсы билдиргендей, апрель айынан тартып Ош шаарынан Ташкент шаарына туруктуу авиакаттам ишке кирет.
Каттамды Өзбекстандын "Centrum Air" авиакомпаниясы аткарат. Алгачкы каттам 1-апрелге белгиленген. Учуу узактыгы болжол менен 1 саат 10 мүнөттү түзөт.
Минималдуу билет баасы 10 850 сом болот. Бул суммага барып-келүү (эки тарап) кирет, бирок жүк акысы өзүнчө төлөнөт.
Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан жана башка иштеп жаткан сатуу каналдары аркылуу сатып алууга болот.