Биз социалдык тармакта

Өзбекстандан импорттолгон 29 миңге чукул көчөт кайра кайтарылды

Өзбекстандан импорттолгон 29 миңге чукул көчөт кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу 27-февралда Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Кызыл-Кыя автожолу” постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 28 762 даана көчөт фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин № 157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана реэкспортчу өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировка болушу керек.
Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат, ошого байланыштуу бул жүк импорт кылынган өлкөгө кайра кайтарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан