Президент Садыр Жапаров өлкөнүн башкаруу философиясы өзгөргөнүн билдирди.
"Мындан ары мамлекет жана анын аткаминерлери өзү менен өзү жашабайт. Алар жарандарына кызмат кылышат. Мамлекет ишинин негизги натыйжасылары элдин жашоо-шартынын сезилээрлик жакшырышынан байкалышы зарыл",- деди мамлекет башчы.