АКШнын Аризона штатындагы Юма аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу аталган аймактын чек ара көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-февралда Юма аймагынын иммиграциялык кызматкерлери Кыргыз жараны Азамат Маматбековду текшеришкен. Ал кызматкерлерге жарактуу Калифорния штатынын коммерциялык айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөн. Бирок текшерүүдөн кийин анын 2024-жылдын май айында өлкөгө мыйзамсыз киргени аныкталган.
Азыркы учурда Маматбековду өлкөдөн чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.