Синоптиктер билдиришкендей, эртең, 28-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу чөлкөмдөрдө кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1... -6, күндүз -2... +3;
- Талас жергесинде түнкүсүн -1... -6, күндүз -2... +3;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0... +5, күндүз +10... +15;
- Нарын аймагында түнкүсүн -8... -13, күндүз -4.. +1;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2... -7, күндүз 0... +5;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -2... -4, күндүз 0... -2 градус.