"Кыргызстанга Орусиядан 2013-жылы 70тей комбайн жана 600-1000 трактор алынып келинет". Бул тууралуу Жантөрө Сатыбалдиев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. "Кыргызстандын делегациясы Орусиядан айыл чарба техникасын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эми келишимге кол коюлат. Буюрса, айыл чарба техникалары 2013-жылы алынып келинет" деди Жантөрө Сатыбалдиев.