
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялады.
Мамлекеттик жарандык кызматка коюлган талаптар:
- Кыргыз жараны болуу;
- 21 жаштан жогору болуу;
- Жогорку билимге ээ болуу;
- Кыргыз тилин орто деңгээлде билүү;
- Санариптик көндүмдөргө ээ болуу.
Муниципалдык кызматка коюлган талаптар:
- 18 жаштан жогору болуу;
- Жогорку же орто кесиптик билимге ээ болуу;
- Кыргыз тилин орто деңгээлде билүү;
- Санариптик көндүмдөргө ээ болуу.
Кадрлар резервине кантип кирүүгө болот?
Талапкерлер документтерин kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта тапшырышат. Ал үчүн порталдан жеке кабинетке катталуу зарыл.
Сынактык тандоо 3 этаптан турат:
- Документтерди кабыл алуу;
- Нормативдик укуктук актылар боюнча компьютердик тестирлөө;
- Офлайн же онлайн форматтагы маектешүү.
Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер 3 жылдык мөөнөткө кадрлар резервине киргизилет. Кызматка дайындоо рейтингдик система аркылуу жүргүзүлөт. Сынактын алгачкы мөөнөтү 2-марттан 6-мартка чейин.
Толук маалыматты
kyzmat.gov.kg сайтындагы "Вакансиялар" бөлүмүнөн жана kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталынан алууга болот.