Биз социалдык тармакта

Муфтият Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган Куран жарышын өткөрөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган Куран жарышы уюштуруларын билдирди.

Маалымдалгандай, Куран жарышы 1-2-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөрүлөт.

Жарыштын критерийлери жана катышуу шарттары төмөндөгүдөй:

Критерийлер:

  • Курандын толук 30 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү.
  • Курандын 20 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү.
  • Курандын 10 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү.

Талаптар:

  • Катышуучу Кыргызстандын жараны болууга тийиш.
  • Катышуучунун жаш курагы 35 жаштан ашпашы керек.
  • Эл аралык жарыштарда байгелүү орундарды алгандар жарышка катыша албайт.
  • Жарышка катталгандан кийин сынактан баш тартууга болбойт.
  • Кечигип келген катышуучулар жарышка киргизилбейт.

Кошумча маалыматтар:

  • Муфтияттын облустук жана шаардык өкүлчүлүктөрү тарабынан 2026-жылдын 27-мартына чейин аймактык тандоо турлары өткөрүлөт.
  • Тандоо турунун жыйынтыгында 30, 20 жана 10 пара номинациялары боюнча 1-орунду алган катышуучулар финалга жолдомо алышат.
  • Ал эми 2-апрелде жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан