
Баланын ден соолугу анын жашоосунун алгачкы айларынан баштап калыптанат. Бойдун өспөй калуусу, аз салмак менен төрөлүү, витаминдер менен минералдардын жетишсиздиги — булар балдардын саламаттыгына коркунуч жараткан негизги көйгөйлөрдүн бири.
Адистердин айтымында, баланы 2 жашка чейин эмчек сүтү менен багуу жана 6 айдан тартып кошумча тамактарды туура киргизүү 5 жашка чейинки өлүм көрсөткүчүн 20 пайызга чейин азайтууга жардам берет. Эненин сүтү ымыркай үчүн бардык керектүү микроэлементтердин жана витаминдердин булагы болуп саналат.
Бул темада үй-бүлөлүк дарыгер Асел Маматова түшүндүрмө берет.
Кошумча тамакты качан баштоо керек?
Адистин айтымында, кошумча тамакты 6 айынан баштап берсе туура болот.
Маанилүү эреже: кошумча тамак берүүнүн максаты — баланы ашыкча тойгузуу эмес, ар түрдүү даамдарга, текстураларга жана жыттарга көндүрүү.

Эмнеден баштоо керек?
Баланын биринчи кошумча тамагы ар түрдүү болушу мүмкүн:
6 айдан баштап кошумча тамак берүү абдан маанилүү. Себеби ушул мезгилде бала жаңы даамдарга адаптация боло баштайт. Эгер бул этап өткөрүлүп жиберилсе, 2–3 жаштагы бала тамакка табити жок болуп калышы мүмкүн.
Кошумча тамак берүүдө төмөнкүлөргө көңүл буруу керек:
Эмчек сүтү — бул ымыркай үчүн тамактан кийинки эң мыкты “суусундук”. Ал ич катуунун алдын алып, ичегидеги пайдалуу микрофлораны сактайт.
Күнүнө канча маал тамактандыруу керек?
1 жашка чейинки бала күнүнө:
Тамакты атайын кашык менен берүү сунушталат. Бөтөлкө аркылуу тамактандыруу адатка айланып кетпеши зарыл.

Кайсы азыктарга тыюу салынат?
Төмөнкү азыктар кооптуу болушу мүмкүн:
Баланын туура тамактануусу — анын келечектеги ден соолугунун негизи. 6 айдан баштап кошумча тамактарды туура киргизүү, эмчек эмизүүнү улантуу жана коопсуз азыктарды тандоо аркылуу ата-эне баласынын толук кандуу өсүп-өнүгүшүнө шарт түзө алат.
Ымыркайдын ден соолугу — бул ар бир үй-бүлөнүн жана коомдун эң башкы байлыгы.