Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун 24 жаштагы тургуну беш эм жарыкка алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жергиликтүү маалымат каражаттары ымыркайлар кечээ, 26-февралда Ухань Чжуннан ооруканасында төрөлгөнүн жазышкан. Ымыркайлар кош бойлуулуктун 28-жумасында жарыкка келген. Жаңы төрөлгөн беш эмдин салмагы 800-1000 граммды түзгөн.
Дарыгерлер мындай окуянын табигый бойго бүтүү учурунда пайда болуу мүмкүнчүлүгү 60 миллиондон бир экенин билдиришкен.
Учурда эне жана балдар ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө каралып жатканы маалым болду.