Биз социалдык тармакта

Ошто жазгы үч айлык жарыяланды

Бүгүн Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкка арналган штабдын жыйыны өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жазгы үч айлык өнөктүгү 2026-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин өтөт. Анын алкагында:
• шаардагы калктуу конуштардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу;
• аймактарды көрктөндүрүү;
• экологиялык жана санитардык абалды талаптагыдай деңгээлде кармоо;
• жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү;
• калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо иштерин күчөтүү милдеттери коюлду.
Жыйында мэрдин орун басары тиешелүү тармактарды алдын ала даярдык көрүп, жазгы үч айлыкка активдүү катышууга чакырып, иштерди жогорку деңгээлде уюштурууну тапшырды.
"Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу калаа башчысы Жанарбек Акаев тарабынан негизги приоритеттүү багыттардын бири катары аныкталган", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан