Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу таза суу берилбейт

Бишкектин айрым аймактарында 4-мартта саат 9:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул боюнча калаа мэриясы эскертти.

Өчүрүү аймагы: Куйручук көчөсү – Молдокулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Куйручук көчөсү.

Мындай чектөө аталган аймактагы магистралдык суу түтүгүнүн кайра туташтырууга байланыштуу киргизилди.

"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан