Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда түнкү рейдде 60ка жакын өспүрүм көчөдө жүргөнү аныкталды

Кара-Суу районунда “Өспүрүм – түн” аталышындагы рейд учурунда ата-энеси же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн 58 бала аныкталды. Бул боюнча Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-февралда милиция кызматкерлери түнкү убакта коомдук жайларда, интернет клубдарда, оюн-зоок уюштурулган жайларды текшерди.
Алардын баарынын өздүгү такталып, ата-энелери чакыртылып, тийиштүү чаралар көрүлдү. Ошондой эле ата-энелерге Орозо айында мечиттерге таравих намазына балдарды өз алдынча жөнөтпөө жагы эскертилди.
Белгилей кетсек, аталган рейддик иш-чара облус аймагында бардык райондордо жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан