Биз социалдык тармакта

ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларда 28-февралдан 5-мартка чейин кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Гидрометеорология кызматы кабарлады.

Төмөнкү аймактарда кар көчү түшүү коркунучу бар:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдары,
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдары (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдары (Долон ашуусу),
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу),
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан