Биз социалдык тармакта

Иран Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эмес, АКШнын базаларына кол салып жатканын билдирди

Иран Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө кол салып жаткан жок, аймактагы АКШнын базаларына кол салып жатат. Бул тууралуу ал өлкөнүн жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани билдирди.

"Аймактык өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын базалары ал өлкөлөрдүн аймагы эмес. Алар АКШнын аймагы. Биз аймактык мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшүп, аларга Иран согушту каалабай турганына жана аларга кол салбай турганына ишендирдик.

Иран аймактагы АКШнын базаларына кол салууга аргасыз, анткени АКШ Иранга кол салып жатат. Биздин куралдуу күчтөр бул чабуулдарды уланта берет", - деп келтиришти чет элдик басылмалар анын сөздөрүн.

Буга чейин Тегеран аймактагы АКШнын 27 аскердик базасына сокку урулганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан