Биз социалдык тармакта

Пакистанда демонстранттар АКШнын Башкы консулдугуна басып киришти

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин каза болгондугу тууралуу кабардан кийин Пакистандын Карачи шаарында нааразычылык акциялары башталганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, нааразычылык акцияларынын катышуучулары коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан. Кеминде 10 адам каза болгону айтылууда.

Күч органдарынын кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөө үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Пакистандыктар таш, таяктар менен куралданып, консулдуктун имаратына кирип барышкан жана имараттын терезелерин талкалашкан.

Ирактын Багдад шаарында да чогулгандар АКШ элчилигине кирүүгө аракет кылып жатышканы айтылууда.

Пакистанда демонстранттар АКШнын Башкы консулдугуна басып киришти
Пакистанда демонстранттар АКШнын Башкы консулдугуна басып киришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан