Ирандын Ички иштер министрлигинин чалгын кызматынын башчысы, генерал-лейтенант Голамреза Резаиан каза болгонун ирандык маалымат каражаттары жазышты.
Ал кечээки АКШ менен Израилдин абадан жасаган соккуларында набыт болгон.
Айта кетсек, чабуул учурунда Иран жогорку лидер Али Хаменеи, анын кеңешчиси Али Шамханинин, Ирандын Ислам революциясынын гвардия корпусунун командири Мохаммад Пакпурдун, Ирандын коргоо министри, генерал Азиз Насирзаде жана Иран армиясынын штаб башчысы, генерал Абдол Мусави каза болушту.