
Бишкекте тыюу салынган электрондук тамекилерди саткан жай аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган жай борбор калаанын 7-кичи районундагы турак үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө жайгашкан. Текшерүүдө соода жайынын ишмердүүлүгүн Э.Д. аттуу жаран уюштуруп, жетектеп келгендиги белгилүү болгон. Продукциялар алдын ала түзүлгөн жеткирүү схемасы аркылуу, курьердик кызматтардын жана такси кызматтарынын жардамы менен сатылып турган.
Жыйынтыгында укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашык болгон 3 миңден ашык тыюу салынган никотин камтыган продукциялар убактылуу алынган.