ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоо борборунун “Эдельвейс” куткаруучу бригадасы “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан шаркыратмадан 24 жаштагы жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүштү. Бул тууралуу кечээ, 1-мартта министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, эс алуучулар 1-март күнү таңкы саат 4:00дө "Мугалим" чокусуна чыгып, алардын бири шаркыратмага жеткенде денеси муздап, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
"Көмөк көрсөтүүгө нөөмөттөгү 5 куткаруучу чыгып, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүштү. Учурда абалы жакшы. “Ала-Арча” паркында куткаруучулар нөөмөт менен иш алып барышууда",- деп кошумчаланды маалыматта.