Биз социалдык тармакта

Бишкекте тыюу салынган электрондук тамеки саткан жай аныкталды (видео)

Бишкек шаарында тыюу салынган электрондук тамекилерди мыйзамсыз саткан соода жайы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында калаанын 7-кичирайонундагы көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан соода түйүнү текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган жайдын ишмердүүлүгүн Э.Д. аттуу жаран уюштуруп, жетектеп келгени аныкталды.

Товарлар жеткирип берүү кызматы аркылуу сатылып турган. Буюртмалар курьердик жана такси кызматтарынын жардамы менен кардарларга жеткирилгени белгилүү болду.

Жыйынтыгында укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн жалпы баасы 3 миллион сомдон ашык, 3 миң даанадан көп никотин камтыган электрондук продукция алынып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Бишкекте жер төлөдө тыюу салынган электрондук тамеки саткан жай аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан