Тель-Авив Тегеранга карата соккулардын жаңы толкуну башталганын жарыялады. Бул тууралуу 2-мартта Израилдин армиясы маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Израил Тегеран шаарынын борбордук бөлүгүнө кошумча соккуларды жасай баштады. Ошондой эле 2-мартта Ливандан Израил аймагына багытталган ракеталар абадан коргонуу күчтөрү тарабынан тосулуп жатат.
28-февралда АКШнын Ливандагы элчилиги өлкөдөгү америкалык жарандарды өлкө аймагынан чыгып кетүүгө чакырган. Дипломатиялык өкүлчүлүк эскертүүнү аткарбаган жарандар өлкөдө белгисиз мөөнөткө чейин калууга аргасыз болушу мүмкүн экенин белгилеген.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган.