АКШнын лидери Дональд Трамп Иран боюнча журналисттердин суроолоруна жооп бербей, анын ордуна Ак үйдөгү айкелдерди көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Трампка Иранга байланыштуу суроолор узатылганда, ал жооп берүүдөн баш тарткан.
"Бул жакта укмуш айкелдер турат, келип көргүлө",- деди Трамп.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.