1-март күнү Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 100-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүйдүн Жол милициясы 2-мартта кабарлады.
Маалымдалгандай, Хундай Саната үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Нисан Сирена унаасын ашып өтмөкчү болуп, карама-каршы келе жаткан Ауди унаасы менен кагылышкан.
Окуя болгон жерден Аудинин жүргүнчүсү көз жумуп, 75 жаштагы айдоочусу ооруканага жетпей жолдон каза болуп калган. Хундей Санатанын айдоочусу жана жүргүнчүсү Кемин районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.
Видео: Турмуш.кж