
Ички иштер министрлиги социалдык тармактарга фейк маалыматтар тарап жатканын билдирди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү мессенжерлерде жана социалдык тармактарда адамдардын айрым топтору менен байланышуудан алыс болуу зарылдыгы жана коммуналдык кызматтын кызматкерлери катары өздөрүн көрсөткөн кылмыштуу топтор жөнүндө жалган маалыматтар тарап жаткан.
"Жарандардан тынчтыкты сактоону жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Текшерилбеген жана жалган билдирүүлөрдү таратуу жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн",- деп билдирди министрлик.