
Ош шаарында коомдук жайларда, көчөлөрдө жол кыймылына тоскоолдук жаратып жарамазан айткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иштер жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында түндө көчөдө жүргөн балдарга, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.
Белгилей кетсек, рейддер 3-мартка чейин улантылып, шаардын бардык аймагы текшерүүгө алынат.
Ош шаарынын мэриясы калаа тургундарына кечинде балдарынын көчөгө чыгуусун көзөмөлдөп, коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.