Биз социалдык тармакта

Дүйнөдөгү эң кымбат товар кайсы экени аталды

2026-жылдын февраль айында дүйнөлүк биржада эң баалуу товар - магнит өндүрүүдө колдонулган химиялык элемент - неодим болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар алдыңкы дүйнөлүк биржалардын маалыматтарына таянуу менен жазышууда.

Кыштын акыркы айында неодимдин дүң баасы январь айына салыштырмалуу 30,5 пайызга жогорулаган. Башка металлдардын арасында индийдин баасы 23,4 пайыз (электроникада, медицинада, энергетикада жана өнөр жайда колдонулат) жана родийдин наркы 10,1 пайызга (зергерчиликте, автомобиль өнөр жайында жана химиялык өнөр жайда колдонулат) жогорулаганы байкалды.

Ошондой эле бул убакка карата мунайдын негизги маркалары дагы кымбаттаганы байкалды. Ага ылайык, Түндүк деңиздеги Brent маркасындагы мунайдын баасы 6,7 пайызга, ал эми Батыш Техас (WTI) 6,3 пайызга кымбаттады. Учурда Лондондун ICE биржасында биринчиси баррелине 77,5 доллардын тегерегинде сатылса, экинчиси 71,2 доллардан сатылууда.

Эксперттер мунайдын, алтындын жана бир катар негизги металлдардын кымбатташын Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу менен байланыштырууда. Февраль айынын аягында АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Буга жооп кылып Иран бийлиги Ормуз кысыгын жапты, ал аркылуу жакынкы убакка чейин дүйнөлүк рынокко мунайдын олуттуу бөлүгү өтүп турган.

Маалымат үчүн: Неодим - күмүш түстөгү ак металл. Абдан күчтүү неодим магниттерди (NdFeB) өндүрүүдө, ошондой эле лазердик материалдарда айнектерди боёодо (кызгылт түскө) жана металлургияда колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан