
Өлкө аймагында акыркы суткада, 1-мартта 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылды.
ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көлдө 4, Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 1 өрт кырсыгы чыкты.
Министрлик кыргызстандыктарды өрт коопсуздугу эрежелерин так сактоого чакырат.