
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу 2-мартта Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь жана 2026-жылдын январь айларында “Таштемир ажы” базарында соода кылып жүргөн жарандардын чөнтөктөрүнөн жана сумкаларынан акча жана баалуу буюмдарын уурдап жүргөн жаран кармалды.
Аталган факт боюнча 34 жаштагы Ош шаарынын тургуну, уюшкан кылмыштуу топто каттоодо турган Ж.М. аттуу жаран милиция тарабынан Ош шаарынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Жалпы келтирилген материалдык зыян 70 миң сомду түзгөн.
Учурда тергөө амалдары уланууда.