Биз социалдык тармакта

Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды (видео)

Бишкек шаарында ооган тектүү гашиш баңгизатын сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу 2-мартта ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1991-жылы туулган А.у.Н. аттуу жаран кармалган. Аталган жарандын үйүн тинтүү учурунда баштыкка салынган 4 килограммдан ашык гашиш баңгизаты табылды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан