Бишкекте беш айлык кызы менен курьер болуп иштеп жүргөн Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы келин күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып, кризистик борбордо баш калкалап жүргөн. Келин төрөгөндөн төрт күн өткөн соң эле иштеп баштаганын билдирген.
Мындан тышкары коомчулуктун колдоосу менен анын банктык эсебине 1 миллион сомдон ашык каражат чогулган.